БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкери атайын сактоочу камерадан гашиш түрүнө кирген баңгизатын уурдаганы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү камакка алынган.
"Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын М.С.С. аттуу старшинасы 10 килограмм 758 грамм өлчөмүндөгү баңгизатты сатуу максатында атайын сактоочу камерадан уурдагандыгы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренеси ("Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу") боюнча кылмыш иши козголду.