Дүйшөмбүдөн тарта Бишкектеги 13 мектеп кадимки тартипте иштей баштайт

Мэрия жарандарды бет кап тагууга, антисептик колдонуп, аралыкты сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бишкекте дүйшөмбү, 31-январдан тарта, 13 мектеп кадимки тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу мэрия билдирди.
Учурда балдар менен мугалимдердин коопсуздугу үчүн 23 мектеп убактылуу онлайн форматта иш алып барууда. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун көрсөтмөсү менен №135, 148, 61 бала бакчалар жабылган.
"Келерки жумадан тарта №17, 26, 88, 62, 6, 18, 4, 11, 12, 30, 32, 33 жана 38 мектептер кадимки тартипте иштей баштайт", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия жарандарды бет кап тагууга, антисептик колдонуп, аралыкты сактоого жана эмдөөдөн өтүүгө чакырды.
Тамак ооруда эмне кылуу керек. Кыргызстандык ЛОР дарыгердин кеңештери
Баланын "омикрон" жуктуруп алганынын 7 белгиси тизмектелди