Радио

Жумабек уулу: быйыл 7 скважина курулуп, алтоо калыбына келтирилет

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасынын суу чарба бөлүмүнүн башчысы Радик Жумабек уулу быйыл 10 чакырымдан ашык ирригациялык система оңдоп-түзөлөрүн айтты.
Sputnik
Бишкек шаарындагы парк, скверлерде учурда тамчылатып жана жамгырлатып сугаруу технологиясы колдонулууда. Климаттын өзгөргөнүнө байланыштуу жайкысын суу тартыштыгы жаралышы мүмкүн. Аталган технология сууну үнөмдүү жана натыйжалуу пайдаланууга жакшы шарт түзөт. Система шаар ичинде жайылтыла турганын Радик Жумабек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, сугат каналдарын тазалоо иштери март айына чейин жүргүзүлөт.
"Бишкекте жайкысын сугаруу иштерин тоскоолдуксуз жүргүзүү үчүн шаардын негизги сугат каналдарын тазалоо жумушу башталды. Коллектордук-дренаждык жана ирригациялык тармактарды тазалоого 10дой техника жана арыктарды кол менен тазалоо иштерине 50дөн ашык кызматкер чыкты. "Бишкек жашыл чарба" ишканасынын карамагында жердин алдынан суу чыгарып бере турган 20 скважина жана 140 чакырым суу түтүкчөлөрүбүз бар. Азыр эми мэрия менен биргеликте дагы жети скважина курууну, ал эми ишкана өзү алты скважинаны калыбына келтирүүнү пландап жатат", — деди Жумабек уулу.
Ал соода павильондорун жана башка чарба жүргүзүүчү субъектилерди, ошондой эле шаардыктарды ирригациялык жана коллектордук-дренаждык түйүндөргө таштанды ыргытпоого, тазалап, оңдоп-түзөөгө чакырды.