Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Баткенде учурда абал кандай? Чек ара кызматынын соңку маалыматы

Жаңжал 27-январь күнү кечке маал чыккан. Эки тараптан тең жабыркагандар бар.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Бүгүн саат 8.00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Самаркандек, Төрт-Көчө, Көк-Таш, Дахма, Көчө-Бою жана Головной аймактарында кырдаал туруктуу деп мүнөздөлөт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы кабарлады.
Маалыматта тараптар ок атышууну токтотуу боюнча бир пикирге келгенден кийин кырдаал турукташканы айтылат.
Чек ара кызматы абалды көзөмөлдөп жатканын кабарлады.
Ушу тапта чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат.
Ал арада Саламаттык сактоо министрлиги жаңжалдан Кыргызстандын 11 аскери жаракат алганын билдирди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Кыргыз-тажик чек арасында жабыркагандардын саны 11ге жетти. Баары аскер адамдары