БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөт билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы кырдаал жана сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча маалымат берген. Анын айтымында, учурда Баткен облусунун чек ара аймактарындагы абал туруктуу. Тараптар окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн бирдиктүү комиссия түзүүнү, жашоочуларды үйлөрүнө кайтарып келүүнү, аскердик түзүлүштөрдү чек ара линиясынан алып кетүүнү, жолдорду ачууну жана электр тогун өткөргөн линияларды калыбына келтирүүнү макулдашты.
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев менен өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев жүргүзүлүп жаткан иштер боюнча маалымат берген.
Жыйындын соңунда Акылбек Жапаров бир катар тапшырмаларды койду. Алар:
Эвакуацияланган жарандарды үйлөрүнө жайгаштыруу;
Коомчулуктун коопсуздугун камсыздоо;
Инфраструктураны калыбына келтирүүгө жана облустун башка керектөөлөрүнө каражат бөлүү;
Чек ара тилкелериндеги үйлөрдүн баарын мамлекеттин эсебинен камсыздандыруу.