Бийлик быйыл Кыргызстанга 5G технологиясын киргизүүнү пландап жатат

Бул тапшырманы аткаруу жоопкерчилиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине жүктөлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кыргызстандын министрлер кабинети быйыл өлкөдө жогорку ылдамдыктагы 5G технологиясын ишке киргизүүнү пландап жатат.
Мындай демилге 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча бекитилген планда жазылган.
Бул тапшырманы аткаруу жоопкерчилиги Санариптик өнүктүрүү министрлигине жүктөлдү. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2022-жылдын биринчи кварталынан 2023-жылдын төртүнчү кварталына чейин деп белгиленген.
Биринчи этапта бийлик технологияны тесттик режимде ишке ашырып көрүүнү пландап жатат. Ага чейин радиожыштыктын тилкесин аныктап, тесттик текшерип көрүүнүн сценарийин түзүп, технология жайгашчу пилоттук зонанын аянтын аныктоо сыяктуу маселелер чечилмекчи.
Министрлер кабинети бул долбоорду 2021-жылдын аягына чейин ишке ашырууну пландаган.
5G технологиясы — маалымат алмашуудагы кыйынчылыктарды жоюуга, жасалма интеллектини киргизүүгө жана келечекте "акылдуу шаар", "акылдуу турак жай" долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет.
Ошто жаш бизнесмендер үчүн IT-хаб ачылды