Жума күнгө карата аба ырайы

28-январда күндүз өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жума күнү тоолуу райондорго кар жааса, дыйканчылык аймактарда жаан-чачын болбойт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +6…+11, Талас жеринде +5…+10, Ысык-Көл өрөөнүндө +1…+6 градус жылуу болсо, Нарын чөлкөмүндө -1…-6 градус суук болот.
Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болору айтылды. Термометрдин көрсөткүчү борбордо +8…+10, Ош шаарында +9…+11 градусту көрсөтөт.