Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

ЖККУ кыргыз-тажик чегиндеги жаңжал боюнча үн катты

Уюм жаңжалды чечүү үчүн керектүү жардамдарды берүүгө даяр экенин маалымдаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында атышууну тез арада токтотууга чакырды. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Зась эки өлкөнүн тең Коопсуздук кеңешинин катчылары менен телефон аркылуу сүйлөшкөн.
Мындан сырткары, ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанга жаңжалды чечүү үчүн керектүү жардам берүүгө даяр экенин маалымдаган.
“Чек арада кагылышуу кайрадан башталганы, жарадарлар бар экени өтө тынчсыздандырат. Кыргыз-тажик чегиндеги куралдуу тирешүү тез арада токтотулушу керек. Жаңжалды тынчтык жолу менен стол үстүндө сүйлөшүү аркылуу чечүү зарыл. Бул үчүн ЖККУ Кыргызстан менен Тажикстанга керектүү жарамдарды көрсөтүүгө даяр. Эки өлкөнүн жетекчилери — ЖККУнун мүчөлөрү жаңжалды жөнгө салуунун жолун табат деп ишенем”, — деп кайрылган Зась.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр. Учурда эмне болуп жатат