Февраль айында жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы өтөт. Анда окуучулар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун салуу үчүн колеянын аралыгын бирдей стандартка келтирүү боюнча макеттерин сунуштайт. Бул тууралуу Жаркын Бапанова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган олимпиадага республиканын бардык аймактарынан окуучулар катыша алат.
"Жыл сайын жаш ойлоп табуучулардын олимпиадасы өтүп келет. Ага республиканын бардык аймактарынан окуучулар катыша алат. Олимпиада эки жаш категориясы боюнча уюштурулат. Жеткинчектерден турган 13 жашка чейинкилер жана мектеп лигасы делген 14, 15, 16 жаштагылардан турат. Буларга тийиштүү тапшырмалар берилип турат. Учурда өлкөдө Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун салуу боюнча пландар айтылууда. Бирок анын колеясы ар кандай аралыкта. Себеби бир тарабында колея куушураак, экинчи тарабында аралыгы кененирээк болууда. Ошондуктан жаш ойлоп табуучуларга колеяны кантип бирдей нукка түшүрүү боюнча идеяларын иштеп чыгуу тапшырмасы берилди. Азыркы тапта окуучулар даярдыктарды көрүшүүдө. Ушул жылдын 8-12-февраль аралыгында өтө турган олимпиадага өздөрүнүн макеттерин, ойлоп табууларын алып келишет", — деди Бапанова.
Ошондой эле ал олимпиадага болжол менен 100дөй жаш ойлоп табуучунун катышары күтүлүп жатканын кошумчалады.