WhatsApp колдонуучуларды коргой турган жаңы функцияны ойлоп чыкты

Бул механизмдин кошулушу алдамчылардын торуна чалынып калып жаткан колдонуучулардын коопсуздугу үчүн ойлоп чыгарылганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. WhatsApp мессенжеринде жакында колдонуучулардын коопсуздугун коргой турган жаңы функция пайда болот. Бул туурасында WABetaInfo порталы кабарлады.
Тиркеменин десктоптук жана веб-версиясында эки деңгээлдеги аутентификация тууралуу кеп болуп жатат.
Бул механизмдин кошулушу алдамчылар менен киберкылмышкерлердин торуна чалынып калып жаткан колдонуучулардын коопсуздугу үчүн ойлоп чыгарылганы айтылды.
"Сиз WhatsApp кызматын каттап, киргенден кийин алты орундуу сыр сөздү тергенден сырткары, дагы ПИН-кодду жазып кирүүгө туура келет. WhatsApp эки деңгээлдеги аутентификацияны кыскартууну көздөйт, андыктан мессенжердин түзүүчүлөрү бул функцияны веб-кардарларга жана компьютерге орнотулган версияга киргизүү ниетинде", — деп түшүндүрүштү адистер.
Гаджет ээлери кааласа тиркеменин ичинен бул опцияны өчүрүп салса да болот.
Киргизилип жаткан жаңычылдыктар калың элге качан жеткиликтүү болору азырынча айтылган жок.
SIM-картаны канча жылда бир алмаштыруу керектиги айтылды
WhatsApp колдонуучуларга жаңы, чыгармачыл функция тартуулайт