Мындай укмуштуу жыйынтыкка адистер 200 ирет учуп чыгып, кайра конуп, 70 саат бою кылдаттык менен авиациялык коопсуздуктун европалык стандарттарынын (EASA) негизине шайкеш келтирип сынап отуруп жетишкени айтылат. Ал процесстер YouTube каналга жарыяланган.
Өндүрүш ээси учуулар жана ишке киргизүү үчүн пайдалануу маневрлар бардык тесттен өткөрүлгөндүгүн билдирди. "Аппарат учуп жүргөндө таңгаларлык так жана динамикалык туруктуулукту" көрсөткөндүгүн баса белгилеген. Андан сырткары, сынап жатканда машина Словакияда шаарлар арасында алгачкы каттамын жасаган.
AirCar орточо алганда саатына 170 чакырым ылдамдык менен 1000 чакырымга жүрө алат. Асманга 2,5 чакырымга чейин көтөрүлөт. Андан сырткары, спорттук автоунаадан эки мүнөттө эле чакан учакка айлана алат. Эни анча жазы эмес канаттары жерде жүргөндө автоунаанын эки капталына жыйналып калат. Бул техниканы жасап чыгууга эки жыл убакыт кетип, эки миллион евродон кем эмес акча сарпталган.