Кайрадан жарганат. Түштүк Африкада жаңы коронавирус табылганы айтылды

Маалыматта табылган вирустун адамдарда пайда болор-болбосун дыкаттык менен изилдеп чыгуу зарылдыгы белгиленген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кытайдын окумуштуулары Түштүк Африкада табылган NeoCoV деп аталган жаңы коронавирустун адамдардын организмине кирип, андан ары тарап кетүү тобокелдиги тууралуу айткан. Мындай маалыматты bioRxiv порталы кабарлады.
"Аталган топтогу вирустардын кандай тарай тургандыгын, тагыраагы, адамдарда пайда болобу же жокпу деген шектенүү менен да карап, дыкат изилдеп чыгыш керек", — деп айтылат макалада.
Адистердин пикирине таянсак, адамдын организмине кириш үчүн вирус мутацияланышы керек. Азырынча ал жарганаттарга гана кооптуулук жаратып турат. Анткен менен окумуштуулар көп нерселерде NeoCoV коронавирусунун табияты мурдагыдай эле табышмактуу бойдон калып жаткандыгын белгилешүүдө.
Учурда аталган изилдөө препринт статусунда турары, эми аны эксперттер текшерип чыгуусу зарыл экендиги айтылды.
Препринт — авторлор ачык илимий платформага жарыялаган кол жазма. Анын макаладан негизги айырмасы токтоосуз жарыяланат, бирок рецензияланбайт.
Тамак ооруда эмне кылуу керек. Кыргызстандык ЛОР дарыгердин кеңештери
Инфекционист коронавирус пандемиясы жайында бүтөрүн божомолдоду