"Торугарт" менен "Эркеч-Там" бекеттери маал-маалы менен жабылат. График

Кытай тараптын демилгеси менен көзөмөл пунктуларынын ишине чектөө киргизилет.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл өткөрүү жайларынын иш графигин жарыялады.
Маалыматка караганда, кытай тараптын демилгеси менен Жаз майрамын белгилөөгө байланыштуу көзөмөл пунктуларынын ишине төмөнкүдөй чектөөлөр киргизилет:
29-30-январь күндөрү убактылуу жабык болот;
31-январь — жумуш күнү;
1-3-февраль күндөрү убактылуу жабык болот;
4-февраль — жумуш күнү;
5-6-февраль күндөрү убактылуу жабык болот;
7-февраль — жумуш күнү.
"Торугарт" жана "Эркеч-Там" көзөмөл-өткөрүү жайларынан 2022-жылдын 7-февралынан баштап атайын алгоритмдин негизинде Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүк гана алып өтүүгө болот.
Кыргыз-казак чек арасындагы 5 көзөмөл бекет штаттык режимде иштей баштады