Радио

Сооронбаев: эми постковиддик синдром, реабилитацияга басым жасалат

Медицина илимдеринин доктору, профессор, пульмонолог Талант Сооронбаев учурда мультидисциплинардык дарыгерлер тобу коронавирус менен ооругандарга аралыктан кеңеш берип жатканын айтты.
Sputnik
Коронавирусту дарылоонун бешинчи жана алтынчы протоколунда айырмачылык деле жок. Болгону постковиддик синдром жана бейтаптардын реабилитациясына басым жасалат. Бул тууралуу Талант Сооронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, респиратордук вирустар адам баласынын жашоосунан толук кетпейт.
"Дүйнөлүк медицина коомунун Европа регионунун жетекчиси эксперттердин илимий байкоолоруна таянып жакында пандемия токтошу мүмкүндүгүн айтты. Демек, коронавирус жөнөкөй тумоого айланат. Азыр "омикрон" штаммы кеңири тараганы менен убакыт өткөн соң азая баштайт. Ошондой эле дүйнө жүзүндө эмдөөдөн кийин жана көп элдин коронивирус менен ооруп айыгышынан улам жамааттык иммунитет пайда болору айтылды. "Омикрон" штаммы токтогондон кийин COVID-19 көпкө чейин элдин тынчын албайт. Жыл аягында вирус баш көтөрүшү мүмкүн, бирок пандемия болбойт. Кадимки эле сасык тумоо сыяктуу адамдар ооруп айыга берет деген жакшы жаңылыктар бар. Быйыл пандемияны жыйынтыктоо үчүн биз бир катар шарттарды аткарышыбыз зарыл. Бул үчүн республикалык штаб айткан кеңешти аткарып, эмдөөдөн өтүшүбүз керек. Учурда бардык постковиддик синдром менен жабыркаган бейтаптарга мониторинг жүргүзүлүүдө. Мында дарыгер, медайымдар өз аймагындагы бардык оорулууларды эсепке алып турат", — деди Сооронбаев.
Ал облустарда мультидисциплинардык дарыгерлер тобу даярдалып окуудан өткөнүн, алар учурда коронавирус менен ооруп үйдө дарылангандарга аралыктан кеңеш берип жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз: