Сокулукта кылмышкерлер эне-баланы сабап, 1,2 млн. сомун алып кетишкен

Милициянын маалыматына караганда, шектүүлөрдүн үйүнөн жарым сумма табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Сокулук районунда белгисиз адамдар турак үйгө кирип, ээлерин сабап 1,2 миллион сомун алып кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.
Кылмыш ишинин алкагында милиция 26 жаштагы Ш. А. менен 44 жаштагы Х. Р. жана Ю. И. деген адамдарды кармады
Окуя 10-январь күнү кечинде болгон. Маалыматка караганда, бет кап тагынган адамдар 33 жаштагы Е.Н. менен 50 жаштагы М.С. (уулу менен энеси) аттуу жарандарды таяк менен сабап акчаны алып кетишкен.
Шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 551 миң сом, экинчисиникинен 85 миң сом табылган
Кылмыш ишинин алкагында милиция 26 жаштагы Ш. А. менен 44 жаштагы Х. Р. жана Ю. И. деген адамдарды кармады.
Шектүүлөрдүн биринин үйүнөн 551 миң сом, экинчисиникинен 85 миң сом табылган.
Тергөө амалдары уланып жатат.
Жалал-Абад облустук ооруканасына ууруга кирген үч киши кармалды. Сүрөт