Ошто калем саптын капкагын жутуп алган 1-класстын окуучусу каза болду

Бала окуя болгон учурда мектептен чыгып, үйүнө жөнөп жаткан.
Sputnik
ОШ, 27-янв. – Sputnik. Ош шаарындагы 1-класстын окуучусу калем саптын капкагын жутуп алып каза болду. Маалыматты Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Юсупова тастыктады.
Анын айтымында, окуя кечээ, 26-январь күнү, шаардагы №48 мектепте катталган.
Каза болгон бала 1-класстын окуучусу болгон. Ал сабактан чыгып, үйүнө жөнөп жатканда калем саптын капкагын оозуна салган. Ошол мезгилде баланын апасы аны мектептен алып кетүү үчүн келген. Окуя болгон учурда баланын апасы, мугалими, мектептин директору да ошол жерде болгон. Тез жардам кызматы чакырылып, жеткинчек ооруканага бараткан жолдо көз жумган.
Баланын ата-энеси мугалимдерге, мектеп жетекчилигине эч кандай доо арызы жок экендигин билдирди.
Ош шаарында бычак жеп ооруканага түшкөн эки окуучунун бирөөсү көз жумду