Ошто УКМК кызматкерин өлтүргөн деп кармалгандарга сот өкүмү чыкты

Кармалгандардын экөөсү күнөөсүз деп табылып, акталды. Ал эми үчүнчүсүнө төрт жылдык пробациялык көзөмөл колдонулат.
Sputnik
ОШ, 27-янв. – Sputnik. Ош шаарында мушташтын кесепетинен каза болгон УКМК кызматкеринин өлүмүнө шектелген адамдарга сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу Ош облустук сотунун маалымат катчысы Айпери Туратбек кызы билдирди.
Эске салсак, 2021-жылдын июнь айында 24 жаштагы А.А. киши колдуу болгон. Кийин ал УКМКнын Ош шаардык жана Ош облустук башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкери болгону аныкталган. Кылмышка шектелип Ош шаарынын 1999-жылы туулган Э.Ы., Г.Э. жана А.Э. аттуу тургундары кармалган.
Бул иш боюнча Ош шаардык соту айыпталуучу Ыйманалы Эралиевди күнөөлүү деп таап, тогуз жылга эркинен ажыраткан. Бирок сот Эралиевди Жазык кодексинин 83-беренесинин негизинде төрт жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп эркинен ажыратуу түрүндөгү жазасын өтөөдөн бошотуу чечимин кабыл алды.
Шектүүлөрдүн дагы бири 23 жаштагы Эрлан Абдыгулов. Буга чейин ага Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ээнбаштык") боюнча айып тагылган. Сот анын аракетинде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу күнөөсүз деп таап, актады.
Кармалган үчүнчү шектүү 23 жаштагы Элдияр Гадиев. Ага Жазык кодексинин 266-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Адамдардын тобу же алдын ала сүйлөшүү боюнча адамдардын тобу тарабынан жасалган ээнбаштык") боюнча айып тагылган. Шаардык сот анын да аракеттеринде кылмыштын курамы жоктугуна байланыштуу күнөөсүз деп таап, актады.
Ошто мушташтан каза болгон 24 жаштагы жаран УКМКда иштегени белгилүү болду