БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. "Кыргыз жылуулук энерго" мамлекеттик ишканасынын Чүй облусундагы филиалдарынын биринин кызмат адамдары тарабынан коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, от казандардын бирин реконструкциялоо иштеринин сметасы ашыкча бааланып, мазуттун керектөө нормасы жогорулатылганы аныкталган.
"Тиешелүү аудитордук комиссиялык текшерүүнүн жыйынтыгында бюджеттик каражатты көмүскө жүгүртүүгө чыгаруунун туруктуу схемалары тастыкталып, анын кесепетинен мамлекетке 32,9 миллион сом зыян келтирилгени аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
Учурда коррупциялык схемага тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.