БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан "Ысык-Көл" мейманканасынын имаратын бузуп жаткан видео тарады.
Жеринен тартылган кадрды редакцияга окурмандар жиберди. Ал соцтармактарга да жарыяланган.
"Ысык-Көл" мейманканасы 1984-жылы курулуп, 2007-жылдан тарта колдонулбай калган. Имаратты сактап калуу жана эл аралык талаптарга жооп берген заманбап мейманкана катары иштетүү үчүн толук реконструкциялоо максатында бир нече жыл бою көптөгөн инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүргөн. Ошондой эле ири мейманкана түйүндөрүнө дагы инвестициялоо сунушталган. Бирок эч ким инвестиция салууну каалаган эмес. Натыйжада 13-14 жыл мейманкана колдонулбай, акырындап бузула берген.
Мейманкананы "Кыргызстройсервис" мамлекеттик ишканасы бузуп жатканы айтылып, курулуш иштерин КР президентинин иш башкармалыгына караштуу жаңы түзүлгөн Социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча мамлекеттик дирекция жүргүзө турганы айтылган.