Эскертүү! Бүгүн салык режимин аныктоонун акыркы күнү

Бүгүн салык органдарынын "Бирдиктүү терезелери", Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору саат 23:00гө чейин иштейт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын салык төлөөчүлөрүнүн салык режимин тандоо мөөнөтү аяктаарына бир гана күн калганын Мамлекеттик салык кызматы эске салды.
Жаңы кодекс кабыл алынганына байланыштуу бардык салык төлөөчүлөр 28-январга чейин салык органдарына кайрылуусу зарыл.
2021-жылдын 31-декабрына чейин салыкты төмөнкү документтердин негизинде төлөп жүргөндөр жаңы салык режимин тандоого милдеттүү:
милдеттүү патент;
салык контрагы;
чекене сатуудан салык.
Белгиленген формадагы арыз салык органынан берилет.
Салык төлөөчүлөрдүн жогоруда көрсөтүлгөн категориялары бирдиктүү салыкты же жалпы салык режимин тандай алышат. Төлөөчү жалпы салык режимин тандоодо кошумча нарк салыгын төлөөчү катары каттоого арыз берет.
Салык төлөөчүлөрдүн калган категорияларына салык органдарына арыз менен кайрылуунун кажети жок.
Бүгүн салык органдарынын "Бирдиктүү терезелери", Бишкектеги Ишкерлерди тейлөө борбору саат 23:00гө чейин иштейт.
Жаңы Салык кодексине баш катырып турасызбы? Адистен кеңири түшүндүрмө