"Иван Ярыгин" турнири: Айсулуу, Мээримдин салмагындагы кыздар күчүн сынайт

Бул ирет кыз-келиндер командасынын курамы толугу менен алмашкан. Адатта жыл сайын "Иван Ярыгин" турнирине Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазаровалар катышып келген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын эркин күрөш боюнча эркектер жана кыз-келиндер курама командасы Россияда өтө турчу беделдүү делген "Иван Ярыгин" атындагы Гран-при турнирине катышат. Бул тууралуу Күрөш федерациясы кабарлады.
Мелдеш 27-30-январь күндөрү Красноярск шаарында өтөт. Федерация турнирдин убакыт-саатын жарыялады.

Эркектер алты салмак категориясы боюнча күрөшөт:

57 кг
Алмаз Сманбеков;
Бекзат Алмаз уулу.
61 кг
Улукбек Жолдошбеков;
Тайырбек Жумашбек уулу.
70 кг
Орозобек Токтомамбетов
74 кг
Исламбек Орозбеков
Эламан Догдурбек уулу
79 кг
Арсалан Будажапов
86 кг
Саякбай Усупов.
Балбандарды машыктыруучу Илсамбек Тазабеков менен калыс Мирлан Алжанов коштоп барат.
Бул ирет кыз-келиндер командасынын курамы толугу менен алмашкан. Адатта жыл сайын "Иван Ярыгин" турнирине Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Мээрим Жуманазаровалар катышып келген.

Мелдешке барчу кыздар:

53 кг
Айжан Сабырбек кызы;
Арууке Кадырбек кызы.
57 кг
Бермет Нуридин кызы;
Таңчолпон Кабылбекова.
62 кг
Дильназ Сазанова
68 кг
Нурзат Нуртаева.
Спортчулар менен кошо машыктыруучу Үсөн Рыскулов жана калыс Мирлан Алжанов жиберилет.
Эрназар, Улукбек Кыргызстандын чемпиону болду. Күрөштүн видео, сүрөттөрү
Ич жылытып... Кыргыз волейболчуларынын оюнду токтотуп, гимн ырдаган видеосу