Радио

Эшатов: ОПЕК+ нефтиге жасалма таңсыктык жаратууда

Нефтетрейдерлер ассоциациясынын директору Канатбек Эшатов күйүүчү майдын баасынын өсүшүнө көптөгөн себептер бар экенин белгиледи.
Sputnik
ОПЕК+ уюмуна кирген өлкөлөр жасалма таңсыктык жаратып, баалар көтөрүлүүдө. Мындан башка дагы бир катар себептер бар. Мындай пикирин Канатбек Эшатов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда нефтинин наркы баррелине 88 долларга жетип, өсүү темпи токтой элек.
"Күйүүчү майдын кымбатташына бир нече себеп бар. Алсак, пандемиянын биринчи толкунунан кийин дүйнөлүк экономика калыбына келе баштады. Ошондон баштап нефть жана нефть продуктуларына суроо-талап өстү. Ошондой эле ОПЕК+ уюмундагы өлкөлөрдүн бюджети нефтиден түшкөн пайдадан көз каранды. Ошолор нефтинин өндүрүү көлөмүн көбөйтпөй, жасалма таңсыктык пайда болду. Натыйжада баалар жогорулап, нефтинин бир баррели 88 долларга жетип, тарыхый рекордду жаңылады. Азыр дагы баанын өсүшү токтой элек. Мындан тышкары, Кыргызстанга мунай затынын 95 пайызы импорттолот. Андыктан нефть иштеткен заводдордогу дүң баадан өлкөдөгү күйүүчү майдын наркы көз каранды. Декабрга салыштырмалуу Россиянын заводдорунда бензиндин тоннасы 110, дизелдики 130 долларга чейин кымбаттады. Бул биздин мунай ташуучулар менен келишим түзгөн заводдордогу баа. Ал эми айрым заводдордо мындан дагы жогорулады. Бул бааны литрине айланта турган болсок, бензинге төрт сом, дизель отунуна алты сом кошулууда. Мындан тышкары, Борбор Азияда жазгы талаа иштеринин башталышы менен дизелдин наркы өсүшү мүмкүн. Ошондуктан Айыл чарба министрлиги менен жыл сайын меморандум түзүп, фермерлер арзан дизель менен камсыздалат", — деди Эшатов.
Ошондой эле ал мындай көрүнүш соңку беш жылдан бери кайталанып келе жатканын кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын видеодон көрүңүз: