479 киши COVID жугузуп, төрт киши көз жумду. Соңку статистика

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 197 081ге жетти. Анын ичинен 185 167 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 479 адамдан коронавирус аныкталып, 629 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 289;
Ош шаары – 7;
Чүй облусу – 101;
Ош облусу – 18;
Талас облусу – 8;
Нарын облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 16;
Жалал-Абад облусу – 22;
Баткен облусу – 16.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 197 081ге жетти. Анын ичинен 185 167 адам дартты жеңген.
"Кечээтен бери оору төрт адамдын өмүрүн алды. Анын экөө Бишкектин, экөө Чүй облусунун тургундары болгон. Вирус өмүрүн алгандардын жалпы саны 2 862ге жетти", — деп билдирди штабдан.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 044 бейтап стационардык дарыланууда болсо, 6 501 адам медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда. Ооруканадагылардын ичинен 60 бейтаптын абалы өтө оор.
Тамак ооруда эмне кылуу керек. Кыргызстандык ЛОР дарыгердин кеңештери
"Омикрон" менен көбүнчө балдар ооруйт. Роспотребнадзор эскертүү берди