Кекиртектин, тилдин жана эриндин рак оорусуна кабылган оорулуулардын 99 пайызы тамеки жана насвай чеккендер. Мен бардык кыргызстандыктарды бул көз карандылыктан арылууга чакырам. Азыр жабырлануучулардын басымдуу бөлүгү эркек кишилер болсо, убакыттын өтүшү менен аялдар да көбөйүшү мүмкүн. Себеби тамеки чеккен аялдардын саны өсүүдө. Бул тууралуу Бактыгүл Каримова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, азыркы экологиялык абал дагы тамак рагына кабылгандардын санына таасир этиши мүмкүн.
"Рак оорусунун пайда болушунун негизги белгилеринин бири тамактын кырылдап, үндүн өзгөрүшү болуп эсептелет. Эгер эки жумадан ашык тамактын кырылдаганы кетпесе дароо дарыгерге кайрылып, диагноз коюп, ага жараша дарылануу зарыл. Рактын алгачкы стадияларында ооруну аныктоо өтө кыйын, ошондуктан тамакта өзгөрүүлөр болсо текшерүүдөн өтүш керек. Тилекке каршы, бейтаптар бизге акыркы стадияда келишет да, дарыгерлер радикалдуу чара көрүп, операция жасоого туура келет. Мында шишиктин гистологиялык жыйынтыгын алгандан кийин рактын стадиясына жараша дарылайбыз. I жана II стадияда рак клеткаларын кесип алабыз. Ал эми III-IV стадияда рак клеткаларын гана алып салуучу операция жасоого болбой калат. Анткени бул учурда кекиртек толук жабыркайт", — деди Каримова.
Дарыгер кыргызстандыктар көп учурда оорунун баштапкы этабында дарыланбай качып кетишерин айтып, эгер рак тамырларга чейин жайылып кетсе дарыгерлер жардам бере албай каларын эскертти.