Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери

Казакстандагы башаламандыкка тиешеси бар деген экстремисттик топ аталды

"Хабар" телеканалы "Каргашалуу январь" аттуу даректүү тасмасында уюмдун бир нече тарапташы кармалганын билдирген.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Казакстандагы январь окуясына тиешеси бар деген радикалдуу ячейканын аталышы маалым болгонун Sputnik Казакстан жазды.
Кеп Кыргызстан, Казакстан жана башка мамлекеттерде тыюу салынган "Йакын Инкар" агымы тууралуу болуп жатат. "Хабар" телеканалы "Каргашалуу январь" деп аталган даректүү тасмасында уюмдун бир нече тарапташы кармалганын билдирген. Алардан курал, граната, патрон жана диний адабият алынган.
Акыркы маалыматтар боюнча, өлкөдө 2 044 кылмыш иши козголгон. Анын 45и террорчулук актысы боюнча, 36сы массалык башаламандык, 15и адам өлтүрүү боюнча ачылган.
Коңшу мамлекеттеги башаламандыктан 227 адам каза болгон, алардын ичинен 19у аскер жана полиция кызматкери. 2 300 адам жабыркаганы айтылды.
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Назарбаев ээлеген дагы бир кызмат Токаевге өттү
Токаев: мен жылуу мамиледен да өлкөнүн кызыкчылыгын жогору коём, аны көрдүңөр