Подиумга кайтып келген дизайнердин суктандырган көйнөктөрү. 12 сүрөт

Ливандык белгилүү мода дизайнери Эли Сааб подиумга кайтып келди. Соңку эки жылдан берки өзүнүн алгачкы көйнөктөр коллекциясын Париждеги мода жумалыгында тартуулап, коомчулукту суктандырды.
Sputnik
1 / 12

Эли Саабдын жаңы коллекциясын "таза аба жутуу" деп аташты

2 / 12

Көрүүчүлөрдү көйнөктөгү түстөрдүн айкалышы өзгөчө таң калтырды

3 / 12

Сааб теринин өңүндөй түстөрдү жактырары менен белгилүү, бирок акыркы эмгегинде ачык түстөргө басым жасаган

4 / 12

Көйнөктөрдү шөкөттөөдө көнүмүшкө айланган шуруларды, тоо хрусталын, пайеткаларды, париктерди колдонгон

5 / 12

Дефиле цикаданын сайраган үнү менен коштолду

6 / 12

Дизайнер жарык, ачык түстөр оор учурлардан кийин адамдардын жашоосуна кубаныч тартуулоого жардам берерин көшөгө артында туруп сезип жатканын айткан

7 / 12

Сааб чынында эле оор күндөрдү баштан өткөрдү. Алгач пандемиядан улам той, салтанаттар токтотулгандыктан анын брендин сатып албай калышкан.

8 / 12

Кийин Бейрут шаарындагы ири жарылуудан дизайнердин чеберканасы жана үйү жабыркаган

9 / 12

Сааб бул сыноодон жакшы бир эмгек жаратууга аракет кылган

10 / 12

Дизайнердин көйнөктөрүн көпчүлүк суктанып, ал эми көргөзмөсү тууралуу бир катар алдыңкы ЖМКлар жазды

11 / 12

Эли Сааб өзүнүн брендин 1982-жылы 18 жашында түзүп чыккан

12 / 12

Анын эмгектери Бейрутта, Лондондо, Парижде сатылат. Ошондой эле кийимдери дүйнөлүк жылдыздар арасында суроо-талапка ээ.