Дароо камаласыңар! Чүйдүн башчысы жер басып алгандарга кайрылды. Видео

Облус жетекчиси жер басып алуу аракеттери жүрүп жатканына тынчсызданууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Президенттин Чүй облусундагы өкүлү Эркин Тентишев кыргызстандыктарга кайрылып, мыйзамсыз жер басып алгандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Анын айтымында, 2021-жылдын аягында мурда басып алынган жерлерди каттоо, техникалык паспорт жана кызыл китеп берүү башталган.
"Андан бери миңдеген жарандар үйлөрүн мыйзамдуу түрдө документтештирди. Маселе 2022-жылы чечилип бүтөрү пландалууда. Бирок өз алдынча басып алуу, кайра сатуу, ошондой эле айдоо жерлерге турак жай салып алуу менен алектенгендер жоопко тартыларын унутпашы керек. Буга чейин президент Садыр Жапаров айткандай, укук бузгандарга тиешелүү чаралар колдонулат. Жер басып алгандар дароо камалат", — деп эскертти Тентишев.
Эске салсак, мамлекет башчы Садыр Жапаров элдин көйгөйүн чечүү үчүн 1-апрелге чейин Кыргызстан боюнча 25 миң гектар жерди трансформациялоо иштери аягына чыгарын билдирген.
“Кадастр”: Бишкектеги ээлеп алынган жерлерге быйыл 211 техникалык паспорт берилди