Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

Чек ара кызматы: Тажикстан оор техника менен аскерлерди тартууда

Кайрадан тажик тараптын демилгеси менен сүйлөшүү саат 22:18де болгон. Мурдагыдай эле ок атышууну токтотуу боюнча кеп козголгон.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргызстандын УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлеринин командачысы Раджабали Рахмонов экинчи жолу телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара кызматы кабарлады.
Кайрадан тажик тараптын демилгеси менен сүйлөшүү саат 22:18де болгон. Мурдагыдай эле ок атышууну токтотуу боюнча кеп козголгон.
"Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев тажик тарап ок атууну токтотпой, чек арага оор аскер техникасын жана жеке курамды тартууну улантып жатканын айтты. Саат 23:00гө карата тажик аскерлери кыргызстандык аскерлердин позициясын маал-маалы менен аткылоодо", — деп жазылган маалыматта.
Атышуу Эки-Таш, Кум-Базар жана Чыр-Дөбө аймактарында уланууда.
Тажик аскерлери миномёт менен Кыргызстандын Ички аскерлери турган жерди аткылаган.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Мурдатан даярдык көрүшкөн. Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдын себеби айтылды