Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы

УКМК: тажик тараптын аткылоосунан кыргызстандык жарандын үйү күйүп кетти

Көчө-Бою тилкесинде жайгашкан тургундун үйү өрттөнгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Тажикстан аскерлеринин аткылоосунун кесепетинен Көчө-Бою тилкесинде жайгашкан кыргызстандык жарандын турак жайы күйүп кетти. Бул туурасында УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Ошондой эле тажик тарап Кыргызстандын ички аскерлери жайгашкан жерге миномёт менен атканы белгиленди.
Соңку маалымат боюнча, төрт кыргызстандык аскер жаракат алды.
Өлкөнүн Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев менен Тажикстандын Чек ара аскерлеринин кол башчысы Раджабали Рахмонали экөө эки ирет телефон аркылуу сүйлөшкөн. Атышууну токтотуу тууралуу маселе көтөрүлгөнү менен натыйжа болбой жатат.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал, 2022-жылдын январы
Чек ара кызматы: Тажикстан оор техника менен аскерлерди тартууда