БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуудан улам Баткен районунун Самаркандек айылынын тургундары Рават айылын көздөй унаалар менен качып чыгууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Самаркандек айылынын жашоочулары билдирди.
Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марифжан Тулаев билдиргендей, чек аралаш аймакта жашаган элди эвакуациялоо иштери жүргүзүлүп жатат.
Төрт-Көчө аймагында облус башчысы Абдикарим Алимбаев, Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мурат Боронов, райондун акими Акылбек Орозов тажик тараптагы кесиптештери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
Эске салсак, УКМКнын Чек ара кызматы саат 17:30дан 18:00гө чейинки убакыт аралыгында Тажикстандын чек арачылары Баткен районуна караштуу Төрт-Көчө аймагындагы Баткен — Исфана жолунун бир бөлүгүн бир тараптуу жаап салганын билдирген. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү менен саат 19:30да жол ачылган. Бирок 19:35те абал кайра курчуп, Тажикстандын аскерлери Баткен районунун Чыр-Дөбө аймагында ок атуучу куралдарын колдонгон.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара бөлүктөрүнүн аскерлеринин атышуусу Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбө аймактарында болууда. Тажик тарап миномёт жана гранатомёт колдонуп жатканы айтылды. Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы абал чыңалып турганын билдирген.