Мэрия быйыл Бишкектин кайсы жерлерине мектеп куруларын билдирди

Үстүбүздөгү жылы калаанын жети конушу жаңы мектептүү болору күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэриясы быйыл 16 жаңы мектеп жана кошумча корпустарды куруу пландалып жатканын билдирди.
Калаа башчысы Айбек Жунушалиев билим берүү мекемелерин куруу маселеси боюнча курулуш компанияларынын жетекчилери менен жолуккан.
Маалыматка ылайык, Көлмө, Ак-Босого, Рухий-Мурас, Алтын-Ордо, Мурас-Ордо, Ак-Ордо жана Ак-Бата конуштарына жаңы мектеп салынат. Ал эми №6, №40, №20, №75, №73, №88 мектептерге кошумча корпус тургузулат. Мындан сырткары, №76 жана №10 билим берүү мекемелери капиталдык оңдоодон өтөт. Аны менен катар №35 мектепке спорт зал курулмакчы.
Кыргызстанда ERIK долбоору боюнча 14 мектеп курулуп, 16сы оңдолот