Бишкекте Ленинграддын блокададан бошотулган күнү белгиленди. Видео

Бишкекте Ленинграддын фашисттик баскынчалардан бошотулганынын 78 жылдыгына карата митинг-реквием өттү. Иш-чара Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркында уюштурулду.
Sputnik
Эскерүү иш-чарасына блокадачылар, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, мэрия жетекчилиги, Ленинград блокадачыларынын кыргыз коомчулугунун төрагасы, блокадачы Анна Кутанованын уулу Марат Кутанов жана башкалар катышты.
"18-январь күнү Ленинград блокадасы аяктаган. Бул күнү апамдын туулган күнү болчу. 27-январда блокада толугу менен алынган. Ленинград жеңиши азап-тозок менен келди. Учурда блокадачылардын катары суюлуп бара жатат. Бүгүнкү иш-чарага болгону төрт киши келди", — деди Кутанов.
Ал эми Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева блокадачыларга колдоо көрсөтүү керектигин айтты.
"Бул адамдардын (блокадачылар) катары суюлду. Алар эч нерседен кем болбой жакшы жашашы керек. Бишкекте Ленинграддын жети гана блокадачысы бар. Иш-чаранын алкагында аларга барып кабар алганбыз, бирок аларды юбилейлик датада гана эмес, ар дайым эстеп туруу керек", — деди ал.
Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин созулган. Курман болгондордун так саны белгисиз.