Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу башталды

Кезектеги декларациялык кампания эки этап менен өтөт. Анда 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар декларациясын тапшырышы керек.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча Бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу кампаниясын баштады. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, кезектеги декларациялык кампания эки этап менен өтөт. Анда 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар тапшырышы керек.
"Алар 2021-жылы алынган кирешелери, жер участоктору, мүлк объектилери, экономикалык ишмердиги тууралуу салык органдарына отчёт берүүлөрү керек", — деп айтылат маалыматта.
Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу убактысы:
2022-жылдын 1-мартына чейин ата мекендик уюмдар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстанда иштеген чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.
1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, менчигинде салык салынуучу кыймылдуу (транспорт), кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар тапшырышы керек. Ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп иштеген дыйкан жана фермердик чарбалар да декларация тапшырууга милдеттүү.
Мекеме декларация 2021-жылдын 31-декабрына карата аныкталган форма жана мөөнөттөргө ылайык берилерин айтып, кийинки жылдан тартып жаңы форма, мөөнөт коюларын кошумчалады.
Толук маалыматты 116 номурунан же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.
Жаңы Салык кодексине баш катырып турасызбы? Адистен кеңири түшүндүрмө
Эскертүү! Бүгүн салык режимин аныктоонун акыркы күнү