Бала зордуктагандардын жазасын 10 жылга көбөйтүү сунушталды. Чоо-жайы

Мурда жашы жете элек балдарды зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү зомбулук фактылары үчүн 15 жылга камалса, мында 25 жыл сунушталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Он алты жашка жете элек балдарга сексуалдык зомбулук жасагандарга жазаны күчөтүү мыйзам долбоору иштелип чыкты. Аны Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев демилгелеп, коомдук талкууга койду.
Долбоордун маалыматтык негиздемесинде Кылмыш-жаза кодексинин жаңы редакциясындагы жазаларды гуманизациялоо кылмыштарды декриминализациялоо принциби жашы жете элек балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыштарга жол ачканы белгиленген.
"Биздин оюбузча, мындай мүнөздөгү кылмыштарга максималдуу катаал жаза берүү зарыл. Анткени сексуалдык зомбулукка кабылган бала кийинки жашоосунда таптакыр башка адам болуп калат. Чоң адамдын психологиясы мындай түрдөгү кылмыштарды көтөрө албайт, балдарга андан бетер кыйын. Баланын гана эмес, ата-эне, жакындарынын тагдыры сынат. Андыктан кылмышкерлерге жоруктарын кайталоого мүмкүндүк бербөө үчүн коомдон оолактатуу керек. Зордукчу түрмөдө канчалык көбүрөөк отурса, балдар алардын жийиркеничтүү аракеттеринен ошончолук корголот", — деп баяндалат.
Жазаларды катаалдантуу боюнча төмөнкүдөй сунуштар берилди:
16 жашка чейинки балдарды зордуктоо, ушул эле жосун адамдардын тобу менен жасалса, ал кош бойлуулукка алып келсе, оор залал келтирсе 25 жылга (учурда 15 жыл) же өмүр бою эркинен ажыратылат;
14 жашка толо элек балага сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер үчүн 25 жылга (учурда 15 жыл) же өмүр бою абакта отурат. Буга жабырлануучуну коркутуу же алсыз абалын пайдалануу менен жасалган бачабаздык, лесбияндык же ыплас формадагы сексуалдык мүнөздөгү аракеттер кирет. Ушундай эле жосундарды адамдар тобу менен жасаса, ден соолугуна зыян келтирсе;
14 жашка толо эле балдарды сексуалдык мүнөздөгү аракеттерге мажбурлагандар 10 жылдан 15 жылга чейинки (учурда 8-11 жыл) мөөнөткө кесилет. Тагыраак айтканда, шантаж кылуу же жабырлануучунун материалдык жана башкадан көз каранды болгонун пайдалануу менен жыныстык катнашка, бачабаздыкка, лесбияндыкка же сексуалдук мүнөздөгү башка аракеттерди кылууга мажбурлоо;
16 жашка чыга элек балага карата сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасагандар 8 жылдан 12 жылга чейин (учурда 7-10 жыл) камалат;
16 жашка толо элек балага сексуалдык катнашсыз ыплас аракеттер жасалса 7 жылдан 11 жылга чейин (учурда 5-10 жыл) кесилет;
Коркутуу же алдоо жолу менен сойкулукка тартып же мажбурлагандар 7 жылдан 12 жылга чейин (учурда 5-10 жыл) камалат;
Жашы жете элек балдарды порнобизнеске тартууга 100 миңден 200 миң сомго чейин (учурда 50-100 миң сом) айып пул салынат.
Белгилей кетсек, Кылмыш-жаза кодексинде зордуктоо жана сексуалдык мүнөздөгү аракеттер үчүн жазанын башка түрлөрү дагы каралган. Бул материалда өзгөртүүгө сунушталып жаткан нормалар гана берилди.
Психолог баланын зомбулукка кабылганын кантип билсе болорун айтты