Ат-Башыда мыйзамсыз пайдаланылып жүргөн үч курал алынды. Сүрөт

Милиция үч адамды таңкы саат үчтөрдө кармаган. Бүгүнкү күндө тиешелүү экспертиза дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатканын айтышты.
Sputnik
НАРЫН, 27-янв. — Sputnik. "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө Ат-Башы районунда мыйзамсыз колдонулуп келген үч мылтык алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы билдирди.
Ат-Башы РИИБдин атайын буйругунун негизинде киргизилген "Арсенал" операциясынын жүрүшүндө 7-январь күнү саат 19:20лар чамасында аталган райондун 1-Май айылына караштуу Чыр-Дөбө участкасында белгисиз адамдар аӊчылык кылып жүргөн жеринен кармалгандыгы тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Окуя болгон жерге Ат-Башы РИИБдин ыкчам тергөө тобу барган. Саат таңкы үчтөрдө айтылган айылдын 51 жаштагы тургуну "ТОЗ-8М" үлгүсүндөгү 5.6 калибрлүү, 59 жаштагы жашоочусу "ИЖ-18Е" үлгүсүндөгү 16-калибрлүү, 35 жаштагы тургуну "ТОЗ" үлгүсүндөгү 12-калибрлүү ок атуучу куралы менен аңчылык кылып келе жаткан жеринен кармалышкан.
Аталган факт Ат-Башы РИИБи тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 308-беренесинин 1-бөлүмүнө ылайык кылмыш иши козголгон.
"Жогорудагы жарандардын жанында алып жүргөн куралдары мыйзамсыз экендиги жана өздөрүнүн көрсөтмөсүндө жапайы тоо жаныбарларын атып, эттерин алып келе жаткандыгы аныкталган", — деп билдиришкен тартип сакчылар.
Милициядан бүгүнкү күндө тиешелүү экспертизалар дайындалган, тергөө амалдары жүрүп жатканын кошумчалады.
Аксыда кызыл китепке кирген бугуну атып, жиликтеп жаткандар кармалды. Видео