Радио

Алыбаева: жөлөк пулдун айрым түрлөрү 100%га көтөрүлдү

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева өлкөдө жөлөк пул соңку жети жылдан бери алгачкы ирет көтөрүлгөнүн белгиледи.
Sputnik
Жөлөк пулдардын айрым түрлөрү эки этап менен 100 пайызга жеткирилди. Алдыда социалдык жөлөк пулдардын бардык түрүн эки эсеге жогорулатуу максатыбыз бар. Бул тууралуу Жаңыл Алыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө жөлөк пулдун төрт түрү төлөнүп берилет.
"Президенттин жөлөк пулдарды көтөрүү боюнча буйругу чыккан. Ошонун негизинде аталган төлөмдөр эки этап менен жогорулатылды. Алсак, 2021-жылдын октябрынан тарта 50 пайызга өстү. Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 18 жашка чейинки балдардыкы 4000 сомдон 6000ге көтөрүлдү. Ал эми 2022-жылы жалпы 100 пайызга жеткирилип, бул жөлөк пулдун суммасы 8000 сом болду. Майыптарга тобуна жараша жөлөк пул чегерилип, 500 сомдон кошулду. Бала кезинен майып болгондордун акчасы эки этап менен 100 пайызга көтөрүлдү. Тактап айтканда, I топтогулардыкы 4000 сомдон октябрда 6000ге көтөрүлүп, ушул жылдан тарта 8000 сомго жетти. II топтогулардыкы 3300 сомдон 6600 сомго жогорулады. III топтогулар болсо 2700дөн 5400 сомго чейин көтөрүлдү. Өлкөдө соңку жети жыл ичинде социалдык жөлөк пулдар көтөрүлө элек болчу. Жогоруда майыптарга жана улгайган жарандарга 500 сомго көтөрүлүп калганын айттык. Эми аларды дагы 100 пайызга жеткирүү максаты турат. Мунун баары өлкөнүн экономикалык абалына жана бюджеттин мүмкүнчүлүгүнө жараша ишке ашат", — деди Алыбаева.
Аткаминер өлкөдө "үй-бүлөгө көмөктү" 113 миң, ал эми социалдык жөлөк пулду 98 миңден ашуун жаран аларын кошумчалады.