Энергетиктерди чакырып алып өзүңөр жоксуңар. Депутат кесиптештерин тилдеди

Депутаттар бүгүн электр энергиясынын жапырт өчүрүлүшү боюнча маалымат алуу үчүн энергетика министрин чакырган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Русланбек Жакышов жыйынга катышпай чыгып кеткен кесиптештерин сынга алды.
Эл өкүлдөрү электр энергиясынын жапырт өчүрүлүшү боюнча маалымат алуу үчүн энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана башка жооптуу кызматкерлерди чакырган. Алар келип жооп берип жатканда залда саналуу гана депутаттар калган. Мындан улам Жакышов нааразы болуп чыкты.
"Энергетика министрин баш кылып, кызматтардын жетекчилерин төш кылып чакырып алып, уга турган өзүбүз жок. Бул жерде 30га жетпеген депутат отурабыз. Эмне деген кайдыгерлик? Анда эмнеге чакырдык биз буларды? Канча деген жумуштар токтоп турат. "Азыр да кырдаал курч, абал Өзбекстанда калыбына келтириле элек" деп жатышат. Урматтуу төрага, депутаттардын баарын чакырыңыз же жыйынды токтотуңуз. Болбосо буларды жөнөтүп иштетели", — деди депутат.
Андан соң вице-спикер Улан Примов депутаттарды жыйынга келүүгө чакырды. Бир аздан кийин парламентарийлер залга келе баштады.
Парламент менен президентти чабыштырууда. Кадыркуловду дайындоо талаш жаратты