Ич жылытып... Кыргыз волейболчуларынын оюнду токтотуп, гимн ырдаган видеосу

окуя Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда катталган. Анда залдын эки бөлүгүндө бир учурда эки мелдеш жүргөн.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Кыргызстандык волейболчулар ойноп жаткан жеринен токтоп, мамлекеттик гимнди ырдашты. Мындай жагымдуу учурдун видеосун Кыргызстандын Волейбол федерациясы өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Окуя Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт ордосунда катталган. Спорттук аянтчанын бир бөлүгүндө волейбол беттеши, экинчи жагында бокс боюнча жаштар арасында өлкө чемпионаты өткөн.
Волейбол аянтчасында өлкөнүн Улуттук лигасынын "Энергетик" жана "Салам-Алик" командаларынын беттеши жүрүп жаткан. Ал арада бокс турниринде сыйлоо аземи өтүп, гимн жаңыра баштаган. Волейболчулар дароо оюнду токтотуп, колун жүрөгүнө алып ырдап турушкан. Аларды көрүп калыстар да, күйөрмандар да ордунан туруп гимнге болгон урмат-сыйын билгизип мамлекеттик туу тарапты карап чогуу ырдашкан.
UFC чемпиону Фигейреду спарринг-өнөктөшү Рыскулбекке алкыш айтты. Видео