Жети-Өгүздө Тянь-Шань карагайларын мыйзамсыз кыйды деп эки киши кармалды

Аныкталган фактылар боюнча тийиштүү документтер толтурулуп, Жети-Өгүз райондук милициянын тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда эки киши мыйзамсыз бак кыюуга шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлады.
1 / 3

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда эки киши мыйзамсыз бак кыюуга шектелүүдө

2 / 3

Маалыматка караганда, Ысык-Көлдүн туристтик-экологиялык милициясына 24-январь күнү "Жети-Өгүз" курортуна жакын жерде жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды сактап тургандыгы боюнча маалымат түшкөн

3 / 3

Ошол эле күнү туристтик-экологиялык милиция Жети-Өгүз токой-чарбасынын тилкесинен 39 жаштагы Т.Б. аттуу кишини кармады. Анын Mercedes-Benz Sprinter автоунаасынан жети даана Тянь-Шань карагайы табылган.

Маалыматка караганда, Ысык-Көлдүн туристтик-экологиялык милициясына 24-январь күнү "Жети-Өгүз" курортуна жакын жерде жергиликтүү тургун үйүндө мыйзамсыз кыйылган бак-дарактарды сактап тургандыгы боюнча маалымат түшкөн.
"Текшерүү учурунда 51 жаштагы А.К. аттуу жарандын короосунда ар биринин узундугу 5-5,5 метрди түзгөн 16 даана Тянь-Шань карагайы табылган. Үйдүн ээси уруксат кагаздарын көрсөтө алган жок", — деп айтылат билдирүүдө.
Ошол эле күнү туристтик-экологиялык милиция Жети-Өгүз токой-чарбасынын тилкесинен 39 жаштагы Т.Б. аттуу кишини кармады. Анын Mercedes-Benz Sprinter автоунаасынан жети даана Тянь-Шань карагайы табылган.
Аныкталган фактылар боюнча тийиштүү документтер толтурулуп, юридикалык баа берүү үчүн Жети-Өгүз райондук милициясынын тергөө кызматына өткөрүп берилди.
Аймактык тескөөчүлөрдүн төшүнө камера тагылып, иши көзөмөлдөнөт. Сүрөт