"Бишкек" ЭЭАсында алтын мыйзамсыз алынып жаткан. Прокуратуранын маалыматы

Жеке фирмалардын бири уруксат берүүчү документтери жок уулуу заттарды колдонуп, экологиялык коопсуздук талаптарын бузуп иштеп келгени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын территориясында алтынды бөлүп алуу боюнча мыйзамсыз иштер жүргүзүлүп келген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлады.
Анда Башкы прокуратура жана Бажы кызматынын контрабандага каршы күрөшүү башкармалыгы баалуу металл камтыган кендерди кайра иштетүү боюнча мыйзамсыз иштер жүргөн фактыларды аныктаганы айтылган.
"Бажы кызматынын жана "Бишкек" эркин экономикалык аймагынын (ЭЭА) кызмат адамдарынын колдоосу менен аталган аймакта уруксат берүүчү документтери жок жеке фирмалардын бири уулуу заттарды колдонуу менен курамында алтын бар кендерден алтын бөлүп алуу боюнча көп убакыттан бери мыйзамсыз иштерди жүргүзүп келгендиги тастыкталды", — деп билдирген маалымат кызмат.
Белгиленген факты боюнча Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш ишин козгоп, тергөө башталганын кошумчалады.
Прокуратура: автобустарды каттаган бажычылар өлкөгө 170 млн. сомго зыян келтирди