БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Ошто жаш ишкерлер үчүн IT-хаб ачылды. Бул тууралуу БУУнун Кыргызстандагы Өнүктүрүү программасынын (UNDP) маалымат кызматы билдирди.
Хаб ПРООНдун "Санариптик билим жана Кыргыз Республикасындагы жаштарды санариптик экономикага ишке орноштуруу" долбоорунун алкагында Россиянын каржылоосу менен ачылды. Мында Ololo консультациялык колдоо көрсөтсө, Инновация жана технологиялар агенттиги өз ара кызматташкан.
Максаты — жаштарга чыгармачылык санариптик кесиптер боюнча билим алуусу үчүн атайын аянтча түзүү, анын ичинде IT-багыт дагы камтылган.
IT-хаб креативдүү экономика үчүн уюштурулчу вебинарларга, бизнес-тренингдерге жана гибриддик иш-чараларга активдүү аянтча болуп бермекчи.