БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Россиялык интернет-аукциондордун биринде Кыргызстандын мамлекеттик ички утуш заёмунун 10 сомдук номиналдык облигациясы сатыкка коюлду.
Баалуу кагаз 1993-жылы чыгарылган. Баштапкы баасы 2 100 рублди же өлкөнүн Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 2 300 сомду түзөт.
Анда өкмөт эки номиналдагы — 5 жана 10 сомдук облигацияларды чыгарган. Жарактуулук мөөнөтү 20 жылга эсептелип, утуш 5 миң сомго чейин жеткен. Утуш болбогон облигациялардын мөөнөтү аяктагандан кийин аларды номиналдык наркы боюнча сатып алуу камсыздалган.
Бул баалуу кагаздарды чыгаруунун максаты — баалуу кагаздар рыногун калыптандыруу жана экономикалык реформаларды жүргүзүү, эл чарбасын өнүктүрүү жана социалдык коргоо үчүн калктын каражатын тартуу.