Төрт киши көз жумду, 63 бейтаптын абалы өтө оор. COVID статистикасы

Жалпысынан республикада илдет илештиргендердин жалпы саны 196 602ге жетти. Анын ичинен 184 538 адам дартты жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бир сутка ичинде Кыргызстанда 370 адамдан коронавирус аныкталып, 510 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Жуктургандар:
Бишкек шаары – 243;
Ош шаары – 2;
Чүй облусу – 71;
Ош облусу – 4;
Талас облусу – 1;
Нарын облусу – 5;
Ысык-Көл облусу – 11;
Жалал-Абад облусу – 18;
Баткен облусу – 15.
Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 196 602ге жетти. Анын ичинен 184 538 адам дартты жеңген.
"Тилекке каршы, кечээтен бери оору төрт адамдын өмүрүн алган. Анын экөө Бишкек шаарында катталса, экөө Чүй облусунун тургундары болгон. Вирус өмүрүн алгандардын жалпы саны 2 858ге жетти", — деп билдирди штабдан.
Бүгүнкү күндө республика боюнча 1 118 бейтап стационардык дарыланууда болсо, 6 583 адам медициналык жардамды үйлөрүнөн алууда. Ооруканадагылардын ичинен 63 бейтаптын абалы өтө оор.
"Омикрон" менен көбүнчө балдар ооруйт. Роспотребнадзор эскертүү берди