Энергошакекчеде Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан бар. Ал 500 киловольт линиядан туруп, бир учурда 740-750 мегаватт кубаттуулукту өткөрөт. Мындан көбөйүп кеткен учурда автоматтык түрдө өчүп же айрым станциялары иштен чыгат. Үч өлкөнүн биринде энергетикага болгон талап күчөп кеткендигине байланыштуу Борбор Азиянын көп бөлүгү бир канча убакыт жарыксыз калды. Бул тууралуу Эрнест Карыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Казакстандын энергосистемасында запас бар, башкача айтканда, кыш мезгилинде 10 пайыз резерв менен иштейт.
"Кечээ күнү энергошакекчеде болгон окуя биринчи ирет катталып отурат. Советтер Союзу түзгөн системада ар бир өлкө эгемендүүлүк алгандан кийин да бирдиктүү колдонуп келген учурдан тарта мындай болгон эмес. Ушул күтүлбөгөн абалдан чыгууда биздин адистерибиз өздөрүнүн ыкчамдыгын жана чеберчилигин көрсөтө алышты. Бул үчүн калк ыраазы болушубуз керек. Ал эми энергошакекче тууралуу айта турган болсок, башында бул системада беш өлкө бар болчу. Кийин СССР ураган соң Тажикстан менен Түркмөнстан чыгарылган. Тең салмактуулукту сактоо үчүн бул эки мамлекет кайрадан кирсе жакшы болмок. Кыргызстанга бул шакекченин кандай пайдасы бар, андан чыгып эле кетсек болбойбу деген пикирлер айтылууда. Бирок мындай учурда өлкө өзгөчө кыш мезгилинде кыйналып калат. Анткени бул жерде электр энергиясын жеткирүүдөгү эффективдүүлүк тууралуу сөз болууда. Шакекче аркылуу Токтогул ГЭСинен жарык Өзбекстанга өтүп, ал Казакстан ГЭСтери аркылуу биздин республиканын түндүгүнө келет. Башкача айтканда, кубаттуулукту жоготуунун алдын алып жатабыз", — деди Карыбеков.
Ал өлкө ичинде энергокоопсуздукту камсыздоо үчүн базалык электр станцияларды куруп, шакекчени резерв катары колдонуу зарылдыгын кошумчалады.