2020-жылы пандемияга байланыштуу өлкөгө жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу максатында 57 гана чет элдик мергенчи келген. Бул тууралуу Нурлан Абдыкеримов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чет элдик жаранга кулжа атууга уруксат алуу 700 миң сом, теке атууга 100 миң сом өлчөмүндө каражат каралган.
"Кыргызстандын аймагында аңчылык кылуу жөнүндө токтомдо аңчылык сезонунун мөөнөтү жана тиешелүү эрежелери камтылган. Аңчылык сезону ачылардан мурун атайын адистерден турган топ өлкө аймагындагы жапайы жаныбарлардын санын белгилеп, алардын абалына байкоо жүргүзүлөт. Министрлик тарабынан түзүлгөн комиссия аңчылык кылууга лицензиянын лимитин аныктайт. Ал эми аңчылык чарбалар чет элдик жарандар менен келишим түзүп, бардык текшерүүдөн өткөндөн кийин гана уруксат берилет. 2020-жылы пандемияга байланыштуу өлкөгө жапайы жаныбарларга аңчылык кылуу максатында 57 гана чет элдик мергенчи келсе, былтыр Кыргызстанга аңчылык үчүн 318 чет өлкөлүк каттоодон өткөн. Мисалы, башка мамлекеттин өкүлдөрү үчүн кулжа атууга 700 миң сом, теке атууга 100 миң сом белгиленген", — деди Абдыкеримов.
Ошондой эле адис Кыргызстанга аңчылык кылуу үчүн Европанын өлкөлөрүнөн көп мергенчи келерин кошумчалады.