Билсеңер кабарлап койгула! Бишкекте изделген 15 жаштагы өспүрүмдүн сүрөтү

Мамасалиев 19-январда болжол менен түшкү саат 14:14төр чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында 15 жаштагы Даниэль Мамасалиев изделип жатат. Милиция өспүрүм тууралуу билгендерди кабарлап коюуну өтүндү. Бул тууралуу Ленин райондук ИИБден билдирди.
Мамасалиев 19-январда болжол менен түшкү саат 14:14төр чамасында үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес. Бул боюнча милицияга анын чоң энеси арыз менен кайрылган.
Мамасалиев Даниэлдин белгилери:
Бою болжол менен 150-160 сантиметр, чачы кара, кыска кыркылган. Кызыл жемпер, спорттук кара шым, ак түстөгү бут кийимчен болгон.
Мамасалиевдин кайда экенин билгендер же аны көрүп калгандар болсо милицияга 0 (312) 352-605, 0 (312) 444- 457, 0 (312) 352-632, 0 (500) 032-000, 0 (554) 606-000, (703) 401-600,0 (705) 450-553 жана 102 телефон номерлерине кабарлап коюуну суранган.
Кийими жээктен табылды. Чүйдө 69 жаштагы аял изделүүдө