Бишкекте эки маршрутка катышкан жол кырсыктан 18 адам жабыркады. Видео

Кырсыктан жабыркагандардын ичинен эки адамдын абалы оор деп бааланууда.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. Бишкекте маршрутка менен жеңил автоунаа кагышып 18 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Интернетте кырсыктын видеосу пайда болгон. Анда көрүнүп тургандай, алгач жеңил автоунаа кызыл түстөгү маршрутка менен сүзүшүп, кичи автобус каршы тилкеге чыгып кеткен.
Министрлик билдиргендей, жол кырсыгы бүгүн, 26-январда, Элебесов көчөсүндө болгон. Андан 18 киши жабыркаган, арасында балдар жок.
"Жеринде алты Тез жардам кызматы иштеди. Жабыркагандардын 17си Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жеткирилсе, бирөө Улуттук госпиталга жаткырылган. Травматология борборуна жаткырылган эки адамдын абалы оор болгондуктан жандандыруу бөлүмүндө", — деп айтылат маалыматта.
11 адам биринчи медициналык жардам алган соң амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
"Бишкек" ЭЭАнын жетекчиси Кудрет Тайчабаров жол кырсыгына кабылды. Сүрөт