Бейшембиге карата аба ырайы

Нарын облусунан башка аймактарда термометрдин көрсөткүчү нөлдөн жогору болот.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 27-январда күндүз республиканын аймагында жаан-чачын жаабайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +3...+8 жана Ысык-Көл чөлкөмүндө 1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +5...+10, Талас жергесинде +2...+7, ал эми Нарын аймагында -2...-7 градус суук болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкек шаарында +6...+8 жана Ош калаасында +7...+9 градуска жетет.
Инжект: Жети-Өгүздө Тянь-Шань карагайларын мыйзамсыз кыйды деп эки киши кармалды
Жети-Өгүздө Тянь-Шань карагайларын мыйзамсыз кыйды деп эки киши кармалды