Жаңы депутат Айгүл Айдарова парламентте ант берди. Видео

Ага диплом чырынан улам кеткен Орозайым Нарматованын мандаты тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын тизмеси менен мандат алган депутат Айгүл Айдарова парламентте ант берди.
Жаңы эл өкүлүнө диплом чырынан улам кызматтан кеткен Орозайым Нарматованын мандаты тапшырылган.
Белгилей кетсек, 20-январда БШК Нарматова дипломун мыйзамсыз алган деген жүйө менен ЖК депутаты мандатынан ажыраткан. УКМКнын текшерүүсүнөн кийин Жалал-Абад мамлекеттик университети ага 2017-жылы берген дипломун артка чакыртып алган.
Айгүл Айдарова 1988-жылы 15-мартта Баткен районунун Самаркандек айылында туулган. Кесиби юрист, 2012-2013-жылдары Токмок РИИБде тергөөчү, андан кийин эки жыл жеке компанияда котормочу болуп иштеген. 2019-жылдан бери Чүй облусунун Аламүдүн райондук милиция бөлүмүндө тергөөчү болуп эмгектенчү.
Депутат ант берген күндөн тартып расмий түрдө кызматка киришет.
Мандатыңды тапшырба! Шаирбек Ташиевди колдогондор митингге чыкты. Видео