ТИМ Түркияга кыргыз жарандарын ID-паспорт менен киргизүүнү сунуштады

Жолугушууда кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо маселелери талкууланган.
Sputnik
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Явуз Селим Кыран менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда кыргыз тарап Кыргызстан менен Түркиянын жарандарын ички паспорт (ID-карта) менен чек арадан өткөрүү боюнча сунуш киргизген.
Мындан сырткары, эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде кыргызстандыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо талкууланган.
Кыргызстан канчанчы орунда? Дүйнөдөгү таасирдүү паспорттордун рейтинги